Баткен: Өздүк курам күжүрмөн даярдыкта
Бүгүн КР ӨКМнин бардык бөлүктөрүндө өздүк курам күжүрмөн даярдыкты камсыздоо иш чарасына катышты. Башкармалыктын алдындагы район-шаардык бөлүмдөрүнүн катышуусунда алыскы аралыкка чуркоо уюштурулуп, ар бир аскер кызматкеринин катышуусу камсыздалды.
Талапка ылайык, Тоо кырсыгынан куткаруу кызматынын өздүк курамы аралыкка марш-бросок өткөрсө, Баткен шаардык жана райондук бөлүмүнүн өздүк курамы белгиленген аралыкты ийгиликтүү чуркап өттү.












