Баткен: Өздүк курам жана күч каражаттардын даярдыгы уюштурулду

БАТКЕН: ӨЗДҮК КУРАМ ЖАНА КҮЧ КАРАЖАТТАРДЫН ДАЯРДЫГЫ УЮШТУРУЛДУ
2023-жылга карата негизги иш-чаралар планына ылайык республикалык деңгээлде штабдык машыгуу өтүп жатат. Баткен облусунун аймагында ар кандай мүнөздөгү өзгөчө кырдаалдар коркунучу жаралган жана катталган учурда КР ӨКМдин Баткен облусу боюнча башкармалыгы жана район-шаардык бөлүмдөрү да күч каражаттарынын даярдыгын камсыздоодо.
Машыгуунун алкагында район-шаардык бөлүктөрдүн башчылары өздүк курамдын толук катышуусун жана тиешелүү иш-чараларды уюштуруп өткөрүүсү камсыздалып, өздүк курам жана күч каражаттардын даярдыгы уюштурулду.