Баткен: Өзгөчө кырдаалдар министри Б.Ажикеев облус аймагын кыдырып чыкты

19-май күнү Баткен облусунун аймагында катуу жааган жаандан улам сел жүрүп, сел суулары турак үй жана социалдык объектилердин короолоруна да кирген.

Жеринде таанышуу үчүн КР Өзгөчө кырдаалдар министри Б.Ажикеев Баткен облусунун Лейлек районунда болуп, калыбына келтирүү жана тазалоо иштери менен таанышты.

Сел жүргөн аймактарда болгон министр жергиликтүү эл менен жолугушуп, алардын суроолоруна жооп берди.

Ошондой эле аткарыла турган жумуштар боюнча протоколдук тапшырмаларды коюп, жумуштун аткарылышын өз көзөмөлүнө аларын билдирди.