Баткен: Өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу чаралары

БАТКЕН: ӨЗГӨЧӨ КЫРДААЛДАРДЫН АЛДЫН АЛУУ ЧАРАЛАРЫ
КР Өзгөчө кырдаалдар министри Б.Ажикеевдин тапшырмасы менен министрдин орун басары Э.Кулматов Баткен облусуна иш сапары менен келди. Иш сапардын жүрүшүндө быйылкы жылга карата аткарылуучу “Атайын алдын алуу жана кесепеттерин жоюу”, жаз айларындагы жаан-чачынга байланыштуу сел кырсыктарынын алдын алуу боюнча тиешелүү кызматкерлер жана жергиликтүү бийлик өкүлдөрү менен жолугушуп, жумуш алып барууда.
Министрдин орун басары 2 күндөн бери облустун Кызыл-Кыя шаарында жана Кадамжай, Лейлек райондорунда да болуп, турак үйлөрдү сел сууларынан сактоо жана сел жүрүүчү сайларда механикалык тазалоо иш-чараларын жүргүзүү боюнча жеринде таанышып чыкты.
Министрдин орун басары Э.Кулматов Баткен облусуна болгон иш сапарын мындан ары Баткен районунун аймагында улантат.