Баткен: Жаңы көпүрө пайдаланууга берилди

КР ӨКМ тарабынан курулган көпүрөнүн ачылышы белгиленип, шаардыктардын кубанычына себеп болду. Капиталдык курулуш иш чарасынын негизинде Баткен шаарындагы Кызыл-Дөң кварталынын Бакай-Ата участкасында 10 млн 700 миң сомдук жаңы көпүрө узундугу 15 метр, кеңдиги 12 метрде, эки тарабында тең жөө жүргүнчүлөр өтүүчү өтмөгү менен кошо курулду.

Сел өтүүчү сай аркылуу айрыкча жаан-чачын көп жааган жаз айларында сел келип, жол каттамы үзгүлтүккө учурагандыктан, шаардыктар үчүн жол каттамы түйшүк жаратып келген. Эми келерки жылга дагы шаарда сел өтүүчү сай аркылуу өткөн 2 көпүрөнү куруу планы каралууда.