Баткен: Жаңы өрт өчүрүүчү унаалар тапшырылды

БАТКЕН: ЖАҢЫ ӨРТ ӨЧҮРҮҮЧҮ УНААЛАР ТАПШЫРЫЛДЫ
Бүгүн КР ӨКМдин Баткен облусу боюнча башкармалыгынын түзүмдүк бөлүмдөрүнө 10 “HOWO”, 4 “KAMAZ” өрт өчүрүүчү автоунаа жана 1 “HOWO” авариялык-куткаруу унаасы тапшырылды.
Заманбап өрт өчүрүүчү жаңы авто унааларды тапшыруу аземине Президенттин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Абдикарим Алимбаев катышып, жаңы унаалар атайын машыгууларда гана кызмат көрсөтүшүнө жана ӨКМдин кызматкерлеринин мыкты кызмат өтөөсүнө тилектештигин билдирди.
Облус аймагындагы өрт кырсыгын алдын алуу максатында алып келинген техникалар алдыдагы күндөрү облус элине кызмат көрсөтө баштайт.
Эске салсак, КР ӨКМдин Баткен облусу боюнча башкармалыгына өткөн жылы да 4 өрт өчүрүүчү авто унаа жана жүргүнчүлөр үчүн 6 автобус алып келинген.