Баткен: Жараксыз абалдагы турак жайлар алынып,жаңы курулушка даярдалууда

Баткен районунун Ак-Сай жана Лейлектин Кулунду, Жаңы-Жер айыл аймактарына караштуу айылдарда талкаланган үйлөрдү бузуп, тазалоо иштерине Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин облустук башкармалыктарынын, райондук бөлүмдөрдүн өздүк курамы тартылды.
Учурда алар 2022-жылдын 26-сентябрынан тарта кыргыз-тажик куралдуу кагылышуусунан улам жашоого жараксыз болуп калган үйлөрдү бузуп, тазалап жатышат.