БАТКЕН: Жарандарга ысык тамак-аш берилүүдө

БАТКЕН: ЖАРАНДАРГА ЫСЫК ТАМАК-АШ БЕРИЛҮҮДӨ
Баткенде жаралган туруксуз кырдаалга байланыштуу, атайын уюштурулган пункттарда жарандарга маал-маалы менен ысык тамак берилүүдө. Ал эми аймактагы кырдаал учурда туруктуу деп бааланууда.Маалыматка ылайык, КР ӨКМ тарабынан уюштурулган убактылуу жайлардын кампасында жетиштүү көлөмдө тамак-аш азыктары, таза суу жана биринчи кезекте керектелүүчү гигиена каражаттары бар.
Эске салсак, Баткендеги кырдаалга байланыштуу КР Өзгөчө кырдаалдар министрлиги тарабынан жарандарды коопсуз жерге убактылуу көчүрүү максатында, 7 пункт уюштурулуп жарандарга керектүү жардам көрсөтүүлүдө