Баткен: Жарандык коргонуунун даярдыгы текшерилүүдө

БАТКЕН… МАШЫГУУ… ЖАРАНДЫК КОРГОНУУНУН ДАЯРДЫГЫ ТЕКШЕРИЛҮҮДӨ
КРнын Жарандык коргонуунун башчысы Акылбек Жапаровдун буйругуна ылайык, алдын ала түзүлгөн бир жылдык пландын негизинде 2022-жылга карата даярдыгын текшерүү үчун Баткен облусунун аймагында атайын машыгуу өтүп жатат. Машыгууда башкы окуя – жер титирөө. Жер титирөөдөн жабыркаган жарандарды эвакуациялоо, жайгаштыруу жана ар тараптуу камсыздоо иш-чаралары жүрүүдө.
Өзгөчө кырдаал учурунда жабыр тарткан жергиликтүү жарандар коопсуз аймакка көчүрүлүп, убактылуу жайгаштыруу пункттарына жайгаштырылды. Машыгуунун жүрүшүндө жер титирөө катталгандыгы боюнча маалымат түшүп, жарандык коргонуу кызматтары чогулду.
Машыгуунун программасына ылайык, Кадамжай районунун аймагында 7,5 баллга жеткен жер титирөө катталып, 873 турак үй кооптуу абалга келген. Өзгөчө кырдаалды жоюу жана ыкчам чара көрүү максатында, жарандык коргонуу кызматтары менен кошо жергиликтүү элден 500 жаран тартылды. Облуста атайын штаб түзүлүп, облустук жана район-шаардык жарандык коргонуу кызматтары активдүү катышып жатат.
Мындан сырткары сценарийге жараша жер титирөө катталган районго жардам берүү үчүн Чүй облусунда да штаб түзүлүп, жабыр тарткан жарандарга гуманитардык жардам топтолуп, ар тараптуу колдоо көрсөтүү иштери көтөрүлдү.
Ыкчам түрдө Өзгөчө кырдаал болгон аймакта чалгындоо жана куткаруу иш чаралары жүргүзүлүп, КР ӨКМнин Баткен облусу боюнча башкармалыгынын жана район-шаардагы бөлүмдөрдүн, ошондой эле КР ӨКМ Республикалык өзүнчө издөө-куткаруу отрядынын Баткен шаарында жайгашкан №3 өзүнчө издөө-куткаруу отрядынын өздүк курамы катышты.
Баткен облусунун аймагында өтүп жаткан машыгууга бардык министрликтердин, ведомстволордун өкүлдөрү катышууда. Ошондой эле Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин борбордук аппаратынын курамы жана ыкчам тобу облуста өтуп жаткан машыгууну онлайн режиминде көзмөлдөөдө.
КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР