Баткенде 4 баллга жеткен жер титирөө катталды

КР Сейсмология институтунун маалыматына ылайык, саат 09:09да Баткен облусунун аймагында очогунда күчү 4 баллга жеткен жер титирөө катталган. Жер титирөө Кадамжай районунун Пульгон, Таш-Кыя, Ынтымак айылдарында 4 балл, Шуран, Котур – Булак, Жийделик, Кызыл – Булак, Кулду айылдарында жана Кызыл – Кыя шаарында 3 баллга чейин сезилген. Алдын ала маалымат боюнча жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.