Баткенде ӨКМ кызматкерлери күчөтүлгөн тартипте иш алып барууда

Баткендеги кыргыз-тажик куралдуу кагылышуусунун алгачкы күнүнөн тарта КР ӨКМнин кызматкерлери күчөтүлгөн тартипте иш алып барууда. Аймакта эвакуацияланган калкты акырындык менен туруктуу жайлараны жайгаштыруу, убактылуу пункттарга гуманитардык жардамдарды ташып жеткирүү жана бүгүнтөн тарта облустун Баткен, Лейлек райондорундагы айылдарда жайгашкан тажик тараптан талкаланып, өрттөлгөн үйлөрдүн калдыктарын тазалап, жаңы курулушка даярдоо иши башталды. Бул ишке министрликтин 234 кызматкери, 30 атайын техникасы тартылды.
Ошондой эле бүгүн, Ош шаары боюнча башкармалыгынын өздүк курамы тарабынан “Баткен элине жардам” штабына келген гуманитардык жардамдарды борбордук аянттан, Ош шаарынын мэриясынын короосуна көчүрүп беришти.