Баткенде тургундар ӨКМ тарабынан эвакуацияланууда

КР ӨКМнин Баткен облусу боюнча башкармалыгы, жергиликтүү ЖК комиссиясы менен биргеликте бир нече убактылуу жайгаштыруу пункттарын (ПВР) ачып, калкты кооптуу аймактардан эвакуациялоо боюнча иш чаралар уюштурулуп жатат. Мындан сырткары жергиликтүү тургундар өздөрүнүн унаалары менен коопсуз аймактарга (туугандарыныкына) чыгып жатышат.
Ак-Сай, Самаркандек, Ак-Татыр айылдарынан жарандар Рават айылына эвакуацияланды.
Ал эми Баткен шаарында ачылган убактылуу жайгаштыруу пункттарына келген жарандар да бар. Саат 10:30га карата Лейлек району боюнча Жаңы-Жер а/а Арка, Достук, Борбордук, Жаштык айылдарынын 70-80 пайыз эли өз алдынча чыгып кетишкен.
Учурда жеринде Өзгөчө кырдаалдар министринин орун басары, полковник У.Шамыркановдун жетекчилигинде министрликтин кызматкерлери жана техникалары тартылып, жарандарга тийиштүү жардамдар көрсөтүүлүдө.
Ошондой эле министрликтен жардамга кошумча күч катары өздүк курам жана техникалар жөнөтүлүүдө.