Баткендеги кырдаалды жөнгө салуу боюнча аткарылып жаткан иштер тууралуу маалымат

БАТКЕНДЕГИ КЫРДААЛДЫ ЖӨНГӨ САЛУУ БОЮНЧА АТКАРЫЛЫП ЖАТКАН ИШТЕР ТУУРАЛУУ 2022-ЖЫЛДЫН 12-ОКТЯБРЫНДА СААТ 08:00гө КАРАТА ЫКЧАМ МААЛЫМАТ
Баткен облусунун аймагында жүргүзүлгөн эвакуация иштерине токтолсок, облус боюнча 136 770 жаран эвакуацияланып, кайрадан бүгүнкү күндө 130 650 жаран кичи мекенине кайткан. Эвакуациялоо иштерине ӨКМден 557 куткаруучу, 95 бирдик техника, ЖК кызматтарынан 7268 кызматкер, 321 техника тактап айтканда, 7825 кызматкер, 416 техника иштеген.
Бүгүнкү күндө убактылуу кабыл алуу жайларында 1083 жаран жайгашышкан. Анын ичинен 11и Ош шаарында, 17си Жалал-Абад облусунда, 45и Ысык-Көл облусунда, 819у Чүйдө, 191и Баткен облусунда жашап жатышат. Ал эми жергиликтүү калктын үйлөрүндө 4871 жаран бар.
Буга кошумча 149 боз үй, 29 чатыр (127 даана боз үй, 29 чатыр айыл аймактарга берилди. Атап айтканда, Баткен районуна жалпы 70 боз үй, 23 чатыр, 40 кийиз үй, Лейлек районуна жалпы 57 боз үй, 6 чатыр, 2 мобилдик үй жеткирилген. Баткен облусунда кампада 1 кийиз үй, 22 боз үй, 4 мобилдик үлгүдөгү, 1100 комплект керебет, матрац, жаздык, шейшеп,140 меш буржуйка, 300 электр жылыткыч сактоодо турат
Жалпы эвакуацияга жана жарандарды алып келүүгө ӨКМден 52 тонна 700 литр күйүчү май бөлүнүп берилген.
Куралдуу агрессиянын кесепетинен бузулган курулуштарга Жарандык коргонуу комиссиялары тарабынан тактоо иштери жүргүзүлгөн. Алардын аныктамасы менен 661 турак үй жабыркаган деп табылган. Анын ичинен 423 турак үй жашоого жараксыз, 238 турак үй оңдоп-түздөөгө ммуктаж. Ошондой эле 11 административдик, стратегиялык, 27 социалдык объект, 335 сарай, 197 жашоо тиричилик камсыздоочу объект, унаа өтүүчү 1 көпүрө жабыркаган.
Кырдаалдын кесепеттерин жоюуга жана кайра калыбына келтирүүгө ӨКМден бүгүн 38 жеке курам, 41 атайын техника, жергиликтүү бийликтен 3 техника иштеди. Ал эми Баткен районуна 38 куткаруучу жана 18 техника, жергиликтүү бийликтен – 3 техника тазалоо иштерин аткарып жатышат.
Натыйжада облус боюнча 398 турак үй бузулуп, ӨКМ тарабынан 355, жергиликтүү бийлик тарабынан 27 турак үй бузулуп тазаланган. Курулуш таштандыларын чыгаруу көлөмү 107 132 м3ду түздү.
Баткен району боюнча 322 турак үй жараксыз абалга келген, ӨКМ тарабынан 278, жергиликтүү бийлик тарабынан 18 турак үй бузулуп, 90 362 м3 курулуш таштандылары чыгарылды. Ал эми Лейлек району боюнча 101 үй жараксыз болуп, ӨКМ 92, жергиликтүү бийлик 9 турак үйдү бузуп, 16 770 м3 курулуш таштандыларын чыгарышты.
Ошондой эле жабыркаган жарандар үчүн жалпы 1636 тонна гумжардам жеткирилген. Анын 322 тоннасын ӨКМ, 1134 тоннаны жарандар тарабынан өз күчү менен алып барышкан. Учурда кампада 180 тонна гуманитардык жардам бар. Тактап айтканда, кампада 136 тонна ун, 12 тонна макарон азыктары, 2 тонна кум шекер, 20 тонна суу май, 1 тонна күрүч, 1 тонна туз, 100 упаковка иче турган суу, 200 кг чай резервде турат. Мындан сырткары ӨКМне караштуу Материалдык резерв фондунда көрөнгөдө: Кара-Суу районунда 150 тн. ун, 100 тн кум шекер, Кызыл-Кыя шаарында 200 тн суу майы, 200 тн кумшекер сакталып турат.