Баткендеги кырдаалды жөнгө салуу боюнча аткарылып жаткан иштери тууралуу маалымат

БАТКЕНДЕГИ КЫРДААЛДЫ ЖӨНГӨ САЛУУ БОЮНЧА АТКАРЫЛЫП ЖАТКАН ИШТЕРИ ТУУРАЛУУ 2022-ЖЫЛДЫН 11-ОКТЯБРЫНДАГЫ СААТ 9:00гө КАРАТА МААЛЫМАТ
Жалпы Баткен облус боюнча 136 770 жаран эвакуацияланган. Учурда 130 650 жаран туруктуу жашаган жайларына кайткан.
Бүгүнкү күндө убактылуу кабыл алуу жайларда 1083 жаран, анын ичинен: 11и Ош шаарында, 17си Жалал-Абад облусунда, 45и Ысык-Көл облусунда, 819у Чүй облусунда, 191и Баткен облусунда жайгашкан. Жарандардын үйлөрүндө 4871 адам жашап жатат.
Облус боюнча: 382 турак үй бузулуп, ӨКМ тарабынан 355 турак үй, жергиликтүү бийлик тарабынан 27 турак үй бузулуп тазаланган. Жалпы жумуштун көлөмү 107 132 м3 түзгөн.
Баткен району боюнча: 322 турак үй жараксыз абалга келген, 281 турак үй бузулуп, ӨКМ тарабынан 263 турак үй, Жергиликтүү бийлик тарабынан 18 турак үй, бузулуп тазаланып, көлөмү 90 362 м3 курулуш таштандылары чыгарылды. Ал эми Лейлек району боюнча 101 турак үй жараксыз абалга келген, 101 турак үй бузулуп, ӨКМ тарабынан 92 турак үй, Жергиликтүү бийлик тарабынан 9 турак үй бузулуп тазаланып, көлөмү 16 770 м3 курулуш таштандылары чыгарылды.
Баткен облусуна жалпы 1636 тонна гумжардам келип түшкөн. Анын ичинен 322 тонна КР ӨКМ тарабынан, 1134 тонна жарандар тарабынан өз күчү менен жеткирилген. Учурда кампада 180 тонна гуманитардык жардам турат.