Баткендеги кырдаалды жөнгө салуу боюнча жасалып жаткан иш аракеттер тууралуу маалымат

БАТКЕНДЕГИ КЫРДААЛДЫ ЖӨНГӨ САЛУУ БОЮНЧА ЖАСАЛЫП ЖАТКАН ИШ АРАКЕТТЕР ТУУРАЛУУ 2022-ЖЫЛДЫН 5-ОКТЯБРЫНДА СААТ 8:00гө КАРАТА ЫКЧАМ МААЛЫМАТ
Баткен облусунун аймагында жүргүзүлгөн эвакуация иштери:
Жалпы облус боюнча 136 770 жаран эвакуацияланып, анын 125 577си Баткен облусуна кайткан. Учурда эвакуациялык пункттарда 1 735 жаран бар. Алсак, Ош шаарында 17, Баткен облусунда 547, Жалал-Абад облунда 17, Ысык-Көл облусунда 67, Чүй 1087 жайгашкан.
Жергиликтүү бийлик тарабынан үйлөрү жараксыз болгон жарандарга жалпы облус боюнча 8 мекеме 64 бөлмө, 218 жеке жарандардын үйлөрү даярдалган:
• Баткен районунда 74 жеке жарандардын үйлөрү;
• Кадамжай районунда 3 мекемеде 25 бөлмө, 33 жеке жарандардын үйлөрү;
• Лейлек району 86 жеке жарандардын үйлөрү;
• Кызыл-Кыя шаары 5 мекемеде 39 бөлмө;
• Баткен шаары 25 жеке жарандардын үйлөрү кабыл алууга даяр.
Мындан сырткары жарандарды убактылуу турак-жай менен камсыздоо максатында, Баткен обласуна 127 даана боз үй, 29 чатыр жеткирилди.
Эвакуация иштерине тартылган күч каражаттар:
– КР ӨКМ – 557 куткаруучу, 85 техника;
– ЖК кызматтарынан – 7268 кызматкер, 321 техника;
Жалпы: 7825 кызматкер, 406 техника.
Кырдаалдын кесепетинен бузулган курулуштар боюнча маалымат:
Жарандык коргонуу комиссиялары тарабынан тактоо иштери жүргүзүлүп,
639 турак үй жабыркаган, 422 жашоого жараксыз, 217 оңдоп түздөөгө муктаж, 11 административдик, стратегиялык объект, 27 социалдык объект, 335 сарай, 197 камсыздоочу объект, 61 унаа жабыркап, унаа өтүүчү 1 көпүрө жарабай калган.
Кырдаалдын кесепеттерин жоюуга жана кайра калыбына келтирүү иш-чараларына тартылган күч каражаттар:
КР ӨКМден жалпысынан жеке курамдан 250 адам, 40 атайын техника жана жергиликтүү бийликтен 26 техника тартылып, жеринде иштеп жатышат. Алсак, Баткен районуна ӨКМден 174 куткаруучу жана 15 техника, жергиликтүү бийликтен 23 техника, ал эми
Лейлек районуна 76 куткаруучу жана 8 техника жергиликтүү бийликтен 3 техника тартылган.
Жалпы облус боюнча 188 үй бузулуп, ӨКМ тарабынан 168, жергиликтүү бийлик тарабынан 20 үй бузулуп, жалпы жумуштун көлөмү 41720 м3ду түздү.
Жабыркаган жарандарга көрсөтүлгөн гумжардам боюнча:
Баткен облусуна жалпы 1636 тонна гумжардам келип түшкөн. Анын ичинен
322 тоннасын ӨКМ, ал эми 1456 тоннасын жарандар тарабынан өз күчү менен жеткирилген. Кампада 180 тонна гуманитардык жардам сакталууда, тактап айтканда, 136 тонна ун, 12 тонна макарон азыктары, 2 тонна кум шекер, 20 тонна суу май, 1 тонна күрүч, 1 тонна туз, 100 упаковка иче турган суу, 200 кг чай сакталууда.