Баткендеги кырдаалдын кесепетинен бузулган курулуштар боюнча 2022-жылдын 13-октябры саат 09:00 карата маалымат:

Жарандык коргонуу комиссиясы тарабынан тактоо иштери жүргүзүлүп, Баткен облусу боюнча 661 турак үй жабыркагандыгы аныкталган. Анын ичинен 423 турак үй жашоого жараксыз абалга келип, 238 турак үй оңдоп түзөөгө муктаж. Алар:

(Баткен шаары-21,

Баткен району-454,

Лейлек району-186.

Учурда облус боюнча жашоого жараксыз жалпы 419 турак үй бузулуп тазаланды. Анын 387и ӨКМ тарабынан , жергиликтүү бийлик тарабынан 32турак үй.

Жалпы жумуштун көлөмү 112 072 м3 түзгөн. Бузула элек дагы 25 турак үй калды.

Баткен району боюнча 318 турак үй бузулуп тазаланган. ӨКМ тарабынан 295, жергиликтүү бийлик тарабынан 23турак үй. Көлөмү 95 302м3 курулуш таштандылары чыгарылды.

Ал эми Лейлек району боюнча 101 турак үй жараксыз абалга келген. ӨКМ тарабынан 92 турак үй, жергиликтүү бийлик тарабынан 9 турак үй бузулуп тазаланып, көлөмү 16 770 м3 курулуш таштандылары чыгарылды.