Баткендеги жарандарды эвакуация жана гумжардам боюнча соңку маалымат
Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин 18 сентябрында саат 12:00гө карата жарандарды эвакуациялоо жана гуманитардык жардам көрсөтүү боюнча ыкчам маалыматы.
Жалпысынан Баткен жана Лейлек райондорунан 136 770 жаран эвакуацияланып, 47 убактылуу жайгаштыруу борбору жайгаштырылды. Чоң-Алай районунан – 5301 адам.
Ошондой эле, республика боюнча 163 пункттан гуманитардык жардамдарды чогултуу улантылып, Баткен облусуна 209 тонна жеткирилип, 153 тонна муктаждарга таратылды.
«Баткен районунда тажик тараптын согуштук аракеттеринен кийин социалдык объектилер жана чек ара заставалары талкаланган. Келтирилген чыгымды аныктоо боюнча комиссия түзүлдү», – деди ӨКМдин өкүлү Кризистик кырдаалдарда башкаруу борборунун маалыматтык-аналитикалык бөлүмүнүн башчысы, майор Чамашев Бакытбек.