Баткенден келген мекендештерди “Карагат” чайханасы кабыл алат

Бишкек шаарында жайгашкан “Карагат” тамактануучу жайы Баткенден келген мекендештерди кабыл алуу үчүн убактылуу пункт катары ачылды.
Жеке ишкер Сайрагүл Мырзалиева өзүнүн чакан мейманканасында 20-25 чейин кишини канча убакыт болсо да, кабыл алууга даяр экендигин билдирди.
“Карагат” чайханасынын жанында жайгашкан 10 бөлмөлүү чакан мейманканада ысык, муздак суусу жана
жуунучу жай (душ) бар. Ошондой эле жеке ишкер келген мекендештердин 3 маал тамак-ашын да камсыздап берерин айтты.
Сайрагүл Мырзалиева: “Баткендеги кырдаал ар бир кыргыздын жан дүйнөсүнөн өтүп, жүрөгүн оорутуп турган учур. Мындай убакта колдон келген жардамды көрсөтүп, салым кошуп жаткандардын катарында биздин үй-бүлө да кол сунууга даяр”, – деп билдирди.
✅Дареги: Бишкек ш. Орхон көч. 20/12А (Алматинская-объездная)
Байланыш номери: 0 553 93 92 03 Сайрагүл Мырзалиева