Баткенге кайтып жаткан мекендештерди ӨКМ кызматкерлери тосуп алып, өз үйлөрүнө чейин жеткирүүдө

Баткендеги абал турукташкандыгына байланыштуу, облустан эвакуацияланган эл 24-сентябрдан тарта туруктуу үйлөрүнө кайтып башташты.
Ош, Баткен,Чүй, Жалал-Абад, Ысык-Көл облусунан жана шаарлардан өз үйлөрүнө кайтып жаткан мекендештер үчүн жергиликтүү бийлик тарабынан унаалар даярдалып, ага кетүүчү күйүүчү майды ӨКМ камсыздап берүүдө.
Ошондой эле Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин кызматкерлери Баткен шаарына келген ар бир кичи автобустагы элди тосуп алуу менен жер-жерлердеги
өз үйлөрүнө чейин коштоп барып, жеткирүүдө.