Билим берүү мекемесинде кырсыктан коргонуу боюнча чара өттү

12.11.2022
БИЛИМ БЕРҮҮ МЕКЕМЕСИНДЕ КЫРСЫКТАН КОРГОНУУ БОЮНЧА ИШ ЧАРА ӨТТҮ
Бишкекте окуучуларга жана мугалимдерге өрт кырсыгын алдын алуу жана өзгөчө кырдаал катталган учурда өзүн алып жүрүү эрежелери практикалык негизде үйрөтүлдү.
Ордо калаанын Свердлов районунда жайгашкан “Алтын-Башат” жеке мектебинин окуучулары жана мугалимдери катышкан сабак аталган райондун жарандык коргонуу бөлүмчөсүнүн кызматкерлери тарабынан өткөрүлүп, өрт өчүрүү каражатын колдонуу, сактоо, өрт кырсыгы катталган учурда эвакуациялоо, биринчи жардам көрсөтүү эрежелери көргөзүлдү.
Атайын пландын негизинде өткөн иш чарага жалпы 50 адам катышты.
КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР