Бир көчөдө эки өрт кырсыгы катталды

7-декабрь күнү Кочкор районунун Эпкин айылынын Сүйүндүк көчөсүндөгү кошуна турак үйлөрдөн өрт кырсыгы катталды.
Алгач саат 17:09да Кочкор райондук ӨКБнүн байланыш түйүнүнө Эпкин айылынын Сүйүндүк көчөсүндө жайгашкан үйдүн ачык аянтында жыйылган чөптөн өрт чыккандыгы тууралуу маалымат түшкөн. Өрт саат 18:30да чектөөгө алынып, 23:45те толук өчүрүлгөн. Өрттүн кесепетинен 600 түк саман күйүп кетти.
Саат 19:43тө ушул эле Эпкин айылынын Сүйүндүк көчөсүндө дагы бир өрт кырсыгы катталгандыгы тууралуу маалымат келип түштү.
Бул жолу бастырмада жыйылган самандан өрт чыгып, натыйжада 2 тонна саман күйүп кетти. Өрт өчүрүүчүлөр саат 20:50дө өрттү курчоого алышып, 22:00дө толугу менен өчүрүштү.
Учурда өрт кырсыктарынын келип чыгуу себеби такталууда.