Бириккен Улуттар Уюму Баткен элине колдоо көрсөтүүдө

Өзгөчө кырдаалдар министринин биринчи орун басары, полковник А.Мамбетов Баткен облусунда иш сапары менен келди. Ал эл аралык уюмдардын өкүлдөрү менен биргеликте кыргыз-тажик чек арасындагы кагылышууда жабыркаган жарандардан кабар алып, убактылуу жашоо пункттарында жашап жаткан эл менен жолугушту. Алардын жашоо шарты менен таанышып, буга чейин жана алдыда көрсөтүлүүчү жардам тууралуу сүйлөшүштү.
Андан соң жумушчу топ ӨКМдин борбордук кампасында болуп, имаратты ондоп-түзөө, тамак-аш азыктарын сактоо үчүн шарт түзүү долбоорун талкуулашты. Чек арадагы кагылышууда алгачкы күндөн тарта Өзгөчө кырдаалдар министрлиги БУУ менен биргелешип, ӨКМ төрагалык кылган координациялык топ чек ара окуясын дүйнөлүк коомчулукка жеткирүү максатында отурумдарды байма-бай өткөрүшкөн. Натыйжада БУУ тарабынан өз учурунда гумжардам жеткирүүгө, эл аралык абройлуу уюмдар аркылуу ар тараптуу жардамдардын берилүүсүнө мүмкүнчүлүк түзүлдү.
Мындан сырткары азык-түлүк коопсуздугун камсыздоого өз учурунда шарт түзүлүп, КР ӨКМ жана мамлекеттик өнөктөштөр, БУУнун агенттиктери менен биргеликте жабыркаган 70 миң жаранга азык-түлүк жардамы берилди.