Бишкек: 37 жаштагы аял чоң Чүй каналынан изделүүдө

Үстүбүздөгү жылдын 12-июнунда Бишкек шаарынын Свердлов районундагы И.Элебесов көчөсүнүн тушунда Чоң Чүй каналынын жээгинде 37 жаштагы И.Е. аттуу аял кишинин кийимдери табылган.
Бүгүн, 17-июнда Чоң Чүй каналынан жаранды издөө иштерин жүргүзүүгө Бишкек шаардык Куткаруу кызматынан 4, Сокулук райондук №23 ӨКБдан 4, Аламүдүн райондук №1 ӨКБдан 4, жалпы 12 куткаруучу тартылды.
Издөөнүн жыйынтыктары жөнүндө кошумча маалымат берилет.