Бишкек: Атайын штабдык машыгуу өткөрүлдү
КР ӨКМдин Бишкек шаардык башкармалыгы атайын штабдык машыгуу өткөрүп, анын алкагында шаардын 4 районунда алгылыктуу иштерди жүргүзүштү.
Маселен,
Ленин районуна караштуу Арча-Бешик конушундагы сел суулары өтүүчү канал тазаланып, жээктери бекемделди.
Свердлов районундагы Бакай-Ата конушунда дренаж канал тазаланды.
Биринчи Май районундагы Жибек-Жолу көчөсүндөгү Ала-Арча дарыясы тазаланды.
Октябрь районунда көпүрөнүн астын казып тереңдетүү менен, жээги бекемделди.
Аталган иштер Жарандык коргонуу кызматтары менен биргеликте өткөрүлүп, жаз алды менен күтүлүүчү табигый кырсыктардын алдын алып, учурдагы аба-ырайына байланыштуу турак-жайларды, социалдык объекттилерди суу каптоо коркунучун жоюу максатында жүрдү.