Бишкек: “Атриум” бизнес борборунун кызматкерлери үчүн атайын окутуу өткөрүлдү

15.11.2022
🟦БИШКЕК: “АТРИУМ” БИЗНЕС БОРБОРУНУН КЫЗМАТКЕРЛЕРИ ҮЧҮН АТАЙЫН ОКУТУУ ӨТКӨРҮЛДҮ
Бүгүн ӨКМдин Бишкек шаары боюнча башкармалыгынын Ленин райондук өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн кызматкерлери «ATRIUM» бизнес борборунун аймагында төмөнкү темаларда атайын сабактарды өткөрүштү:
1. Өзгөчө кырдаалдардын түрлөрү жана алардан коргонуу ыкмалары;
2. Биринчи өрт өчүрүүчү каражаттардын түрлөрү жана аларды колдонуу ыкмалары;
3. Имараттардан калкты эвакуациялоо эрежелери.
🧯Жеринде кызматкерлерди имараттан эвакуациялоо боюнча окуу жүргүзүлүп, алар өрт өчүрүүчү каражаттар менен колдонууну жана алар менен иштөө чараларын иш жүзүндө көрсөтүштү.
Окутуунун негизги максаты – калктын табигый жана техногендик мүнөздөгү өзгөчө кырдаалдарда аракеттенүүгө даярдыгын жогорулатуу.
КР ӨКМ ПРЕСС БОРБОР