Бишкек: Ботаникалык бакчада чыккан өрттү өчүрүп жатышат
Бишкек шаарынын Октябрь районунун Иса Ахунбаев көчөсүндө ботаникалык бакчанын аймагында куураган чөптөн өрт чыккандыгы тууралуу маалымат түшкөн.
Өрт кырсыгы катталган дарекке саат 14:12де Октябрь райондук №5 өрткө каршы бөлүмдөн 1 бөлүм, кошумча саат 14:33тө Октябрь райондук №5 ӨКБдан 1 бөлүм, жалпы 2 бөлүм тартылган. Тилсиз жоо 15:02де чектөөгө алынып, учурда толук өчүрүү иштеринен соң саат 16:16да өчүрүлгөн.