Бишкек: БТБ кызматкерлери үчүн атайын класстар

БИШКЕК: БТБ КЫЗМАТКЕРЛЕРИ ҮЧҮН АТАЙЫН КЛАССТАР
Бүгүн ӨКМдин Бишкек шаары боюнча башкармалыгынын Ленин райондук өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн кызматкерлери “Бишкек троллейбус башкармалыгы” муниципалдык ишкананын кызматкерлери менен сабак өтүштү.
Төмөнкү темаларда атайын сабактар өткөрүлдү:
◾️Объектилердин антитеррордук коопсуздугун камсыз кылуу боюнча чаралар (террордук коркунуч келип чыккан учурда кызматкерлердин аракеттери);
◾️Жер титирөө коркунучу жана болгон учурда иш-аракеттер;
◾️Алгачкы өрт өчүрүүчү каражаттардын түрлөрү, максаты жана аларды өрт учурунда туура колдонуу;
◾️Табигый жана техногендик мүнөздөгү өзгөчө кырдаалдардын келип чыгышы жана коркунучу пайда болгондо калкты эвакуациялоо.