Бишкек: Чоң Чүй каналына унаа түшүп кетти

Бүгүн түнкү саат 02:18 чамасында борбор калаанын Свердлов районунун Осмонкул көчөсү менен ЧЧКнын кесилишинде “Toyota Ipsum” үлгүсүндөгү жеңил унаа каналга түшүп кеткен.
Жерине КР ӨКМнин Бишкек шаардык башкармалыгынын
куткаруу кызматынан 5 куткаруучу тартылып, суучулдар атайын жабдууларды колдонуп жана техниканын жардамы менен унааны чыгарып беришкен.
Жабыркагандар жок.