Бишкек: Чоң Чүй каналында изделип жаткан жарандын жансыз денеси табылды

Бүгүн Бишкек шаарынын Свердлов районундагы И.Элебесов көчөсүндө Чоң Чүй каналына чөгүп кеткен аял кишинин жансыз денеси табылды. Ал 1985-жылы туулган И.Е. аттуу жаран болгон. Маалыматка ылайык, 12-июнда аталган жаран каналга мас абалында түшүп, агып кеткен. Окуя орун алган күндөн тарта ӨКМдин куткаруучулары тарабынан издөө иши жүрүп келген.

Бүгүн, жерине издөө иштерин жүргүзүүгө саат 10:15те Бишкек шаардык Куткаруу кызматынан 4, Сокулук райондук №23 ӨКБдан 4, Аламүдүн райондук №1 ӨКБдан 3, жалпы 11 куткаруучу тартылган.

Издөө иштеринин натыйжасында, саат 13:05те маркумдун жансыз денеси куткаруучулар тарабынан Чоң Чүй каналынан табылып, ИИМ кызматкерлерине өткөрүлүп берилди.