Бишкек: “Деңиз” ЖАКнын аймагында командалык-штабдык машыгуулар өттү

Бүгүн “Деңиз” ЖАКнын аймагында “Жогорку активдүү уулуу заттардын төгүлүшүнүн кесепеттерин жоюу боюнча чаралар” деген темада командалык-штабдык машыгуулар өткөрүлдү.

Машыгуунун жүрүшүндө төмөнкү суроолор иштелип чыкты:

Аммиактын мүнөзүн эске алуу менен жеке коргонуу каражаттарын колдонуу;

Аммиактын абага чыгарылышынын кесепеттерин жоюу боюнча чаралар;

Машыгуунун жыйынтыгында аныкталган эскертүүлөр жеринде жоюлуп, кетирилген кемчиликтер “Деңиз” ЖАКнын кызматкерлерине жеткирилди.

Ошондой эле мекеменин аймагындагы өрт коопсуздугун сактоо боюнча кызматкерлерге түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.

Машыгууну ӨКМдин Бишкек шаардык башкармалыгынын Ленин райондук өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн кызматкерлери өткөрүштү.