Бишкек: Футбол тааласында кызуу беттеш өттү

БИШКЕК: ФУТБОЛ ТААЛАСЫНДА КЫЗУУ БЕТТЕШ ӨТТҮ
КР ӨКМдин Бишкек шаары боюнча башкармалыгынын түзүмдүк бөлүмдөрүнүн кызматкерлери арасында кичи футбол боюнча мелдеш өткөрүлдү.
Спорттук иш чарага башкармалыктын башчысы подполковник Э.Жусупов катышып, өз сөзүндө: “Куткаруучулардын жашоосунда спорт өзгөчө орунду ээлеп, дайыма сергектикке жана ден соолукту чыңдоого көңүл бурушубуз зарыл”,- деп баса белгилеп, катышуучуларга мыкты оюн жана ийгилик каалады.
Бүйүр кызыткан беттештин жыйынтыгында командалар арасында​гы мыкты оюнчулар аныкталып, балуу белектер жана сыйлыктар тапшырылды.
Жалпы командалык мелдеште орундарга ээ болгон командалар:
🏆🥇1-орун КР ӨКМдин Бишкек шаары боюнча башкармалыгынын Свердлов району боюнча өзгөчө кырдаалдар бөлүмү;
🥈2-орун КР ӨКМдин Бишкек шаары боюнча башкармалыгынын Ленин району боюнча өзгөчө кырдаалдар бөлүмү;
🥉3-орун КР ӨКМдин Бишкек шаары боюнча башкармалыгынын Куткаруу кызматы.