Бишкек: Көп кабаттуу үйдөн чыккан өрт өчүрүлүүдө

БИШКЕК: КӨП КАБАТТУУ ҮЙДӨН ЧЫККАН ӨРТ ӨЧҮРҮЛҮҮДӨ
Бүгүн, 24-январда Бишкек шаарынын Октябрь районундагы М.Элебаев жана Т.Кулатов көчөлөрүнүн кесилишинде жайгашкан көп кабаттуу үйдүн чатырынан өрт чыккандыгы тууралуу маалымат түшкөн.
Жеринде тилсиз жоону өчүрүүгө 6 күжүрмөн эсеп, Штаб, 1 автошаты, Бишкек шаардык Куткаруу кызматынан 5 куткаруучу, ККББдан ыкчам топ иш алып барууда. Мындан сырткары ИИМ кызматкерлери, РЭТтен 1 бригада иштеп жатышат.