Бишкек: Көп кабаттуу үйдөн чыккан өрт толук өчүрүлдү

БИШКЕК: КӨП КАБАТТУУ ҮЙДӨН ЧЫККАН ӨРТ ТОЛУК ӨЧҮРҮЛДҮ. ЖЕРИНЕН СҮРӨТ.
Бишкек шаарынын Октябрь районунда, Элебаев жана Кулатов көчөлөрүнүн кесилишинде жайгашкан көп кабаттуу үйдүн чатырынан өрт чыккандыгы тууралуу маалымат түшкөн.
Өрттү өчүрүүгө КР ӨКМдин жалпы 6 өрт өчүрүүчү күжүрмөн эсеби, 2 автошаты, Штаб, Бишкек шаардык Куткаруу кызматынан 5 куткаруучу, ККББдан ыкчам топ иш алып барууда.
Өрт саат 14:55 чектөөгө алынып, толук саат 17:13 өчүрүлдү.
Алдын ала маалымат боюнча жалпы өрттүн аянты 540 ч.м. түздү.
Жабыркагандар жок.
Учурда өрттүн келип чыгуу себеби такталууда.