Бишкек: Көп кабаттуу үйдөн чыккан өрттү өчүрүүгө 6 күжүрмөн эсеп тартылды

БИШКЕК: КӨП КАБАТТУУ ҮЙДӨН ЧЫККАН ӨРТТҮ ӨЧҮРҮҮГӨ 6 КҮЖҮРМӨН ЭСЕП ТАРТЫЛДЫ
Ири өрт кырсыгынан жабыркагандар жок.
Бишкектин Октябрь районунун Элебаев жана Кулатов көчөлөрүнүн кесилишинде жайгашкан курулушу толук бүтө элек көп кабаттуу үйдүн чатырынан өрт чыккан.
Өрттү өчүрүүгө саат 12:25тен тарта Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Өрткө каршы куткаруу бөлүктөрүнөн жалпы 6 күжүрмөн эсеп 1 шаты, 1 АКП (50метр бийиктикке көтөрүлүүгө ылайыкталган шаты), 1 суу ташуучу унаа, куткаруу кызматынан 5 куткаруучу эшикти ачуу үчүн тартылды.
Ошондой эле ӨКМдин Кризистик кырдаалдарда башкаруу борборунан ыкчам топ жана Бишкек шаардык башкармалыгынын ыкчам нөөмөт кызматы (Штаб) тартылды.
Кошумча маалымат берилет