Бишкек: Көп кабаттуу үйдүн жер төлөсүндө суу түтүкчөсү жарылган

Бишкек шаарынын Октябрь районуна караштуу Куйручук көчөсүндө жайгашкан көп кабаттуу үйдүн жер төлөсүндө суу түтүкчөсү жарылып,үйдүн алдындагы бөлмөлөргө суу толуп калгандыгы тууралуу саат 20:40да маалымат түшкөн.
  Аталган жерге Бишкек шаарынын куткаруу кызматынан 4 куткаруучу тартылып, мотопомпанын жардамы менен сууну сордуруп,тазалашты. Куткаруучулар шаар тургундарына өз убагында жардам көрсөтүп, түнкү саат 02:46да кайтып кетишкен.