Бишкек: Көп кабаттуу турак үйдөн өрт чыгып, үч жаран куткарылды

Бүгүн Ленин районуна караштуу, Москва көчөсүндө жайгашкан көп кабаттуу үйдүн батиринен өрт чыккандыгы тууралуу маалымат түшкөн.
Өрттү өчүрүүгө саат 13:58де Биринчи Май райондук №4 ӨКБдан 1 бөлүм, саат 13:58де Свердлов райондук №2 ӨКБдан 1 бөлүм, жалпы 2 бөлүм тартылган.
Саат 14:15те өрт чектөөгө алынып, саат 14:46да толук өчүрүлдү.
Өрт өчүрүүчүлөр тарабынан 26 жаштагы аял 3 айлык наристеси менен жана 74 жаштагы аял киши куткарылды.
Ошондой эле 40 жаран эвакуацияланды.
Жалпы 5 кабаттуу турак үйдүн 3-кабатында жайгашкан батирдин 20 чарчы метр бөлмөсү күйгөн.
Учурда өрттүн келип чыгуу себеби жана толук материалдык чыгым такталууда.