Бишкек: Кафеден өрт чыгып, 5 өрт өчүрүүчү бөлүм тартылды

Алдын ала маалымат боюнча Октябрь районунун, Каралаев менен Сүйөркүлов көчөлөрүнүн кесилишинде жайгашкан кафесинен өрт чыккандыгы тууралуу маалымат түшкөн.

Өрттү өчүрүүгө жалпы КР ӨКМдин Бишкек шаардык башкармалыгынан 5 өрт өчүрүүчү бөлүмү жана 1 суу ташуучу унаа, штаб жана ККББдан ыкчам топ тартылган.

Учурда өрттү өчүрүү иш-чаралары жүргүзүлүүдө.

Кошумча маалымат берилет.