Бишкек: кампадан чыккан өрт толук өчүрүлдү

Кулатов көчөсүндө “Таш-Темир” заводунун кампасында өрт чыккандыгы тууралуу маалымат түшкөн.

Өрттү өчүрүүгө жалпы КР ӨКМнин үч өрт өчүрүүчү бөлүмү жана ШТАБ иш алып барып, өрт 12:31 чектөөгө алынып, толук саат 14:19 өчүрүлдү.

Болжол менен жалпы аянты 250 ч.м. кампада курулуш материалдары күйгөн.

Учурда өрттүн келип чыгуу себеби такталууда.

Жабыркагандар жок.