Бишкек: Кудайберген базарынан чыккан өрт толук өчүрүлдү
Биринчи Май району, Патриса Лумумбы көчөсү дарегинде Кудайберген базарында жайгашкан контейнерден өрт чыккандыгы тууралуу маалымат түшкөн.
Өрттү өчүрүүгө КР ӨКМнен жалпы 5 бөлүм, Бишкек башкармалыгынан Штаб, ККББнан ыкчам топ тартылган.
Өрт саат 17:45те чектөөгө алынган, өрт саат 20:57де толук өчүрүлдү.
Болжол менен өрттүн аянтты 500 ч.м. түзүп, эки кабаттуу 20 контейнер күйгөн.
Учурда өрттүн келип чыгуу себеби жана толук материалдык чыгым такталууда.

