Бишкек: “Кудайберген” базарынан өрт чыкты
Алдын ала маалымат боюнча Биринчи Май районунун Патриса Лумумбы көчөсүндө жайгашкан “Кудайберген” базарынын аймагындагы контейнерден өрт чыккандыгы тууралуу маалымат түшкөн.
Жерине өрттү өчүрүүгө саат 16:03тө Ленин райондук №6 ӨКБдан, саат 16:04тө кошумча 1 бөлүм, саат 16:09да Бишкек шаардык №8 АӨКБдан 1 суу ташуучу унаа, саат 16:14тө Биринчи Май райондук №4 ӨКБдан 1 бөлүм, саат 16:25те кошумча 1 бөлүм, Штаб тартылган. Жалпы 4 бөлүм.
Тилсиз жоо тууралуу кошумча маалымат берилет.