БИШКЕК: Кудуктан жаш жигиттин сөөгү табылды

Бишкек шаарынын Биринчи май районунун Абай көчөсүндө жайгашкан турак үйдүн жанындагы кудуктун ичинен жансыз дене табылды.
Маалыматка ылайык, ал 1994-жылы туулган Ө.Б. аттуу эркек киши экени аныкталды.
Жерине Бишкек шаардык Куткаруу кызматынан 4 куткаруучу тартылып, маркумдун сөөгү укук коргоо органдарына өткөрүлүп берилди.