Бишкек: Курулуп жаткан турак үйдөн өрт чыкты
Бишкек шаарынын Биринчи Май районуна караштуу Манас проспектиси менен М.Рыскулов көчөсүнүн кесилишинде курулуп жаткан турак үйдөн өрт чыккандыгы тууралуу маалымат түшкөн.
Өрттү өчүрүүгө саат 20:00дө Биринчи Май райондук №4 ӨКБдан 1 бөлүм, саат 20:10до 1 бөлүм, саат 20:12де Октябрь райондук №5 ӨКБдан авто шаты, саат 20:26да Октябрь райондук №5 ӨКБдан 1 бөлүм, саат 20:27де Свердлов райондук №3 ӨКБдан 1 бөлүм, Бишкек шаардык №8 АӨКБдан 1 суу ташуучу унаа жана ШТАБ, жалпы 4 бөлүм тартылган. Кошумча маалымат берилет.