Бишкек: Куткаруучу жаңы шаймандар сатып алынды

КР ӨКМнин Бишкек шаардык башкармалыгынын Куткаруу кызматынын куткаруучулары үчүн Бишкек шаарынын мэриясы менен биргеликте топтук жана жеке куткаруучу жаңы шаймандар сатылып алынды.

Жаңы шаймандар биринчи кезекте эскирген жана азыркы талаптарга жооп бербеген эски техникаларды алмаштырууга, тынчтык мезгилде ар кандай окуялар, өзгөчө кырдаалдар учурунда адамдардын өмүрүн сактап калуу жана өздүк курамдын туруктуу күжүрмөн даярдыгын сактоого багытталган.