Бишкек: Куткаруучулар дубалдардын ортосунда кыпчылып калган жаранга көмөк көрсөтүштү

БИШКЕК: КУТКАРУУЧУЛАР ДУБАЛДАРДЫН ОРТОСУНДА КЫПЧЫЛЫП КАЛГАН ЖАРАНГА КӨМӨК КӨРСӨТҮШТҮ
5-февраль күнү ӨКМге Ленин районунун, Репина көчөсүндө жайгашкан турак үйдүн дубалы менен гараждын дубалын ортосунда эркек киши кыпчылып, чыга албай калгандыгы тууралуу маалымат түшкөн.
Жерине КР ӨКМнин Бишкек шаардык Куткаруу кызматы 5 куткаруучусу тартылган, эс-учун жоготкон, болжол менен 60-65 жаштагы эркек кишини чыгарып, тез жардам кызматкерлерине өткөрүп беришкен.