Бишкек: Куткаруучулар муздун алдынан жаш баланын сөөгүн алып чыгышты
БИШКЕК: КУТКАРУУЧУЛАР МУЗДУН АЛДЫНАН ЖАШ БАЛАНЫН СӨӨГҮН АЛЫП ЧЫГЫШТЫ
30-январь күнү ӨКМдин 112 кызматына саат 17:38 чамасында Октябрь районунун С.Каралаев көчөсүндөгү Аламүдүн суусунун, муздун алдына жаш бала түшүп кеткендиги тууралуу маалымат түшкөн.
Жерине ыкчам түрдө ӨКМдин Бишкек шаардык Куткаруу кызматынан 11 куткаруучу, Кризистик кырдаалдарда башкаруу борборунун ыкчам топ тартылган.
Куткаруучулардын издөө иштеринин натыйжасында, 6 жаштагы К.У.К аттуу баланын сөөгүн муздун алдынан алып чыгышып, тез жардам кызматкерлерине өткөрүп беришкен.

