Бишкек: куткаруучулар улгайган жарандарга жардам көрсөтүштү
15-декабрь күнү саат 12:35 чамасында Свердлов району, Восток-5 кичи районунда жайгашкан көп кабаттуу турак үйдө жашаган 1945-ж.т. К.В. аттуу аял киши керебеттен туралбай калган.
Жерине жалпы 5 куткаруучу тартылып, куткаруучулар бекилип калган эшигин ачып, аялга биринчи медициналык жардам көрсөтүшүп, тез жардам кызматына өткөрүп беришкен.
Ошондой эле саат 17:32 чамасында Октябрь районунун 6-кичи районунда жайгашкан көп кабаттуу турак үйдүн тургуну 1955-ж.т. М.Т. аттуу аял киши үйдүн ичинде кулап түшкөн.
Жерине ошол эле топ тартылып, куткаруучулар бекилип калган эшигин ачып, аялды тургузушуп тез жардам кызматына өткөрүп беришкен.