Бишкек: Мектеп окуучулары үчүн “Ачык эшик” күнү өткөрүлдү

Жарандык коргонуу адистерин даярдоо жана кайра даярдоо борборунун өрт-коопсуздугу кафедрасынын кызматкерлери Бишкек шаардык №6 өрткө каршы куткаруу бөлүмчөсүнүн кызматкерлери менен биргеликте Бишкек шаарынын билим берүү мекемелеринде кырсыктардын тобокелдигин азайтуу багытында иш чараларды өткөрүүдө.
Бишкек шаарынын №2 жана №7 мектеп гимназияларында окуучуларга жеринде өрт-тактикалык машыгуу иштерин жана өрт кырсыгы катталганда өзүн-өзү алып жүрүү эрежелери боюнча атайын окутуу өткөрүлдү.