Бишкек – Нарын – Торугарт унаа жолу толук ачылды

19-мартта болжол менен саат 12: 00дөн тарта Бишкек – Нарын – Торугарт жолу бир тараптуу ачылды.

Учурда унаа жолду кеңейтүү иштери аткарылууда.

Ал эми Нарын тарабына түшкөн көчкүнүн болжол менен 32 300 м3 көлөмү тазаланды

Кар көчкүнү 12 жүктөгүч, 1 кар түртүүчү унаасы, 3 эксковатор тазалоо иштерин жүргүзүүдө.

УРМАТТУУ ЖАРАНДАР!

Жаап жаткан жамгырга жана күтүлүп жаткан жаан-чачынга байланыштуу зарылчылык жок болсо, алыскы жолго чыгуудан баш тартууга чакырабыз.

Кырсык катталган учурда 112 номерине байланышыңыз. Чалуу акысыз жана күнү-түнү иштейт.