Бишкек-Нарын-Торугарт унаа жолу убактылуу жабылды

❗️БИШКЕК-НАРЫН-ТОРУГАРТ УНАА ЖОЛУ УБАКТЫЛУУ ЖАБЫЛДЫ
❗️Урматтуу алыска сапар алган айдоочулар жана жүргүнчүлөр!
Учурда Нарын районунун, Бишкек-Нарын-Торугарт унаа жолунда болжол менен 302-304-чакырым аралыгында (3 тилкеде) 21000м3 кар көчкү түшкөн. Учурда жол каттамы жабык.
❕Ошондой эле кар көчкү тынымсыз түшүү коркунуучу бар болгондуктан Нарын облусунун аймагында Өзгөчө кырдаал режими киргизилди.
❗️❗️ӨКМ ЭСКЕРТЕТ!❗️❗️
Урматтуу айдоочулар! Сиздерге алыскы сапарга чыгуудан баш тартууңуздарды сунуштайбыз!
☎️Жолдордун абалы боюнча толук маалымат алуу үчүн ӨКМдин 112 кызматына кайрылсаңыздар болот! Чалуу акысыз.