Бишкек – Нарын – Торугарт жолун кар көчкүдөн тазалоо күнү-түнү уланууда

18-март саат 20:00гө карата Бишкек – Нарын – Торугарт унаа жолуна (Долон ашуусу) түшкөн кар көчкүнү тазалоодо 75 100м3 көлөмдөгү кар тазаланды. Көчкүнүн жалпы көлөмү 1млн 125миң м3ту түзөт. Учурда аба ырайынын кескин сууктугуна жана жаап жаткан карга карабастан жолду тазалоо күнү-түнү уланууда.

Кар көчкүнү тазалоо иштерине 12 жүктөгүч, 1 кар түртүүчү унаа, 3 эксковатор тартылып, кошумча облустук суу чарба башкармалыгынан 1 бульдозер жеткирилди.

Жеринде Нарын облустук жана райондук Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин башкармалыктарынын башчылары жетектеген 25 куткаруучудан турган ыкчам топ Жарандык коргонуу кызматтары менен биргеликте иш алып барууда.

Ал эми Кочкор районунун Сары-булак айылында жана Нарын районунун Оттук айылында жылытуу пунктары уюштурулуп, турак жайларга жаткырылган жарандарга, иштеп жаткан кызматкерлерге, унаа каттамындагы топтолгон жүргүнчүлөргө жалпысы 217 жаранга айыл аймагындагы жергиликтүү администрация жана Кызыл жарым ай коому тарабынан ысык тамак уюштурулуп берилүүдө. Ал эми жылытуу пунктарына жалпы 98 жаран жайгаштырылды.

УРМАТТУУ ЖАРАНДАР! Жаап жаткан жамгырга жана күтүлүп жаткан жаан-чачынга байланыштуу зарылчылык жок болсо, алыскы жолго чыгуудан баш тартууга чакырабыз.

Кырсык катталган учурда 112 номерине байланышыңыз. Чалуу акысыз жана күнү-түнү иштейт.